"Таза аба" операциясы
Абанын булганган деңгээлин экологдор атайын индекстин жардамында аныкташат. Sputniknews-uz.com сайтынын "Өзбекстандын борборунда акыркы 2 жылда беш нерседен атмосферанын булгануу индекси (мындан ары: АБИ) 3,6дан ашкан эмес, бул деген – абанын төмөн деңгээлде булганышына дал келет". Ал эми vollaracis.com билдиргендей, "Борбор шаардын экологиялык абалды үзгүлтүксүз мониторинг кылуунун негизинде, өзбек экологдору Ташкенттеги АБИсин 1999-жылы 6,48 көсөткүч экенин, а 2007-жылы – 5,71 деп аныкташкан. АБИнин шкаласына ылайык, борбордогу абанын булганышы жогорку деңгээлден баштап, салыштырмалуу жогорку деңгээлге чейин барып, өзгөрүп турат".

Anhor.uz командасы ушул багытта абал кандай болуп өзгөрүп жатканын айтып берет
АБИ деген эмне?
Атмосферанын булгануу индекси – бул, булгануу даражасынын комплекстүү индикатору. Анын жардамы менен бир убакта бир канча булгануучу каражаттардын орточо көрсөткүчүн аныктаса болот. Алардын коркунучтуулук классын эске алуу менен ал заттардын адамдын ден-соолугуна кандай зыяндуу заттар коркунуч жаратышы мүмкүн экенин билсе болот. Көрсөткүчтөр нормага ылайык делген чек менен салыштырылат.
14
АБИнин деңгээлиндеги эң жогорку көрсөткүч
8 - 13
АБИнин жогорку деңгээлдеги көрсөткүчү
5 - 8
АБИ деңгээлинин жогорулашы
4
АБИнин төмөнкү деңгээли
Мындан сырткары, "бир калыпта кармалып турган жана таасири жок булгоочу каражаттар" деген да көрсөткүчтөрү бар. Ал – газ, чаң тазалоочу жабдуулар тууралуу маалымат берет. Мамлекеттик статистикалык маалыматтарга ылайык, жыл сайын чаң менен газды чыпкалоо системасынын жардамында 2 миң тоннадан ашык уулоочу каражаттар абага чыгарылбай калат.
Мониторинг системасы
Ким жана кантип, эмнени өлчөйт? Өзбекстанда абанын абалын 3 түрдүүчө мониторинг жүргүзүшөт. Бул дайыма патрулдук көзөмөл жүргүзүү, стационардык экобекеттер жана масштабдуу акциялар.
"Таза аба" операциясын Өзбекстандагы Айлана чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик экологиялык комитети ИИМ жана Саламаттыкты сактоо министрликтери менен жылына бир канча этаптар менен өткөрүшөт.

Экопатруль

Ташкентте 2000-жылдан бери, экологиялык атайын взвод иштеп келет. Алар күн сайын Ташкенттеги айманма жолдорунда жол коопсуздугун көзөмөлдөөчүлөрү менен бирге автоунаалардан чыккан уулу газдарды текшерип, аларды азайтуу боюнча атайын чараларды көрүп турушат. Айдоочулар бул кызматтын жол боюнча турган автоунааларын көп жолуктурушат.
Жеринде текшерүү

Өлкөдө 63 стационардык бекет иштейт. Монитеринг программасы негизги 5 булгагычтарды: чаң, көмүр кычкыл газын, азоттун диоксидин, күкүрт кычкыл газын, азот кычкылтегин камтыйт. Башка параметрлер (аммиак, фенол, формальдегид, озон, хлор, катуу фториддер, суутек фториддер) өндүрүштө бөлүнүп чыккан уулу заттардын түзүмүнө жана жайгашкан жеринин өзгөчөлүгүнө жараша өзүнчө өлчөө программасына кошулат. Абанын абалын күн сайын 3 жолудан көзөмөлдөп турушат.

Ташкентте метеорологиялык көзөмөл иши 1867-жылдын декабрь айынан бери жүргүзүлөт. Аба ырайын жана метеокөзөмөл тууралуу маалыматтар "Туркестанские ведомости" газетасында 1870-жылдын март айынан бери жарыяланып келет. 1873-жылы "Ташкент астрономиялык жана физикалык обсерваториясы" иштей баштаган. 1876-жылдын сентябрында Ташкент метеостанциясы – обсерватория ачылып, ушул күнгө чейин иштеп келет.
"Таза аба" операциясы

2017-жылы бул операциянын биринчи этабы бүткөн. Экинчи этабы ушул жылдын ноябрь айында башталмакчы. Биринчи этаптын жыйынтыгы боюнча 140226 автоунаа текшерилген. Анда алардын уулуу газды, түтүндү канчалык деңгээлде чыгара турганы боюнча атайын рейддер өткөрүлгөн. Андай уулу газдарды көп чыгарган автоунаалардын саны 5% пайызга жеткен, бул мурунку жылдагы көрсөткүч бойдон калган. Абаны булгагандыгы үчүн мыйзамга ылайык, күч органдары тарабынан 1246 адамга 238474,20 сумдук айып акча салынды.
"Таза аба" операциясынын алкагында мындан сырткары маалыматтык компания да жүргүзүлдү.
Абаны эмне булгайт?
Изилдөө иштери көрсөткөндөй, мегаполистин абасын булгагангандардын негизгилери – курулуш индустриясы, автоунаалар эсептелет. Алар булганган абанын 94 пайызы ушуларга таандык. Мындан сырткары, металургия, химиялык, жеңил өнөр жайлары жана тамак-аш өндүрүүчүлөр да абаны булгашат. Бирок бул өндүрүштөрдүн булганыч нерелерди бөлүп чыгаруусу белгиленген санитардык ченден ашпайт.
"Уулу нерселерди кармап калган жана аны зыянсыздандыруу" деген атайын көрсөткүч бар. Ал – газ, чаң тазалоочу жабдуулардын эффективдүүлүгүн аныктап берет.
Өзбекстандын Мамлекеттик Экологиялык комитатинин маалыматына ылайык, 1990-жылдан баштап, Ташкенттеги автоунаалардын саны 2,6 пайызга өстү
Loading...

Loading...

Кандай коркунучтар бар?
Абанын булганышындагы деңгээлдер менен оорулардын деңгээлинде өз ара байланыш бар. Башкача айтканда, атмосферанын булгануусу ооруларды көбөйтөт.
Кандай чаралар колдонулууда?
Көптөгөн өндүрүштүк ишканалар жабылды же шаардын сыртына көчүрүлдү. Шаардын борборундагы мисалы Химфармзавод, Винзавод, Кенафная фабрика, Фарфор заводу, Чкалов атындагы авиазавод, Ташкент трактор заводу сыртка чыгарылып, өзүнүн мурдагы ордуларында ишин токтоткон.

Албетте, Ташкентте өндүрүштүк ишканалар калды, бирок алар анчалык көп эмес.
Шаардагы жүргүнчүлөр паркын алмаштыруу жана жаңылоого, автоунааларды экологиялык коопсуз майларга өткөрүү үчүн көптөгөн каражаттар жумшалды.
Этил бензинин 1991-жылы 100 пайыз колдонушса, 2014-жылы 4 пайызга чейин минималдуу пайдалануу киргизилди.
Бул иш-чаралардын негизинде жылына 500дөн ашык автоунаа бензинди колдонбой, газ менен жүрүүгө өтүшөт. Бирок бул иш-чара аябай эле акырын жүргүзүлүп жатат. Шаар автопаркындагы автоунаалардын 23 пайызы эле газга өткөрүлдү.

Бул экономикалык да пайдалуу экендигин сезген көптөгөн айдоочулар өздөрү эле газга өтө башташты же гибрид моторлуу автоунааларды ала башташты. Демек, мындай кылуу менен чыгымдардын азайышын сезе башташты.
Автоунаалардын чыккан уулуу газдарды зыянсыздандыруу жана зыяндуу заттарды чыгарууну азайтуу боюнча атайын технология бар. Өзбекстан өзү чыгарган мындай жабдуулары бар автотранспортторун Астанада өткөн "Экспо – 2017" көргөзмөсүнө койду. Ал автоунаалардын бири – бензин менен этанолдун аралашмасы менен жүрсө, экинчиси – бензин жана суутек, а үчүнчүсү – ток менен жүрөт.
Автоунаа кыймылын башкаруу системасы да оптималдаштырыла баштады. Автоматтык түрдө башкаруу киргизилди. Эң негизгиси – тыгын көп болгон кесилиштерде видео көзөмөл камералары орнотулган жана башкаруунун автоматташтырылган системасы киргизилди. Бул чаралар – жол коопсуздугун көзөмөлдөп эле калбастан, автотыгынды азайтууга да жардамын тийгизет.
Ташкентте көптөгөн жолдор жаңыдан салынып, айрымдары оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Бир далай көпүрөлөр салынды. Көп жерлерде автотыгындар жоюлду. Бул – айдоочуларга ыңгайлуулук болсо, экинчи жагынан экологиялык абалды жакшыртат. Негизи андай автотыгын болгон жерде автоунаалардан бөлүнүп чыккан уулуу заттар абанын 20 пайызын булгайт
Абаны таза кармоо үчүн, бак-дарактарды эгүү керек. Шаардын көчөлөрүндө, айрыкча Ташкенттин трассаларындагы "жашыл экрандар", уулуу заттарды азайтууга чоң салым кошот. Борбор шаардын декаративдик жашыл аймагы 220дан ашык бак-дарактардын жана кустарниктердин түрүнө оронгон. Ташкенттеги жашыл аймактын аянты 15,2 миң гектарга жакын же шаардын 30 пайызын камтыйт.
Ташкенттин көпчүлүк көчөлөрүнүн боюндагы "жашыл экрандар", калк жашаган көп кабаттуу үйлөрдү борбордук көчөлөрдөн бөлүп турат. Бир аз мурдараак Ташкенттеги чынар теректеринин кыйылышы боюнча интернеттеги социалдык тармактардын колдонуучулары бир катар сындарды айтышкан. Ошондон кийин бак-дарактарды кыйуу токтотулду, эгер кыйыш керек болсо, Мамлекеттик экологиялык комитетинин гана атайын уруксаты менен ишке ашыш керек болду.
Ар бир адам эмне кылса болот?
Ташкентте автоунаалардын саны 1990-жылга салыштырмалуу 2 эсеге көбөйдү. Ошол эле кезде бир автоунаа бөлүп чыккан уулу газ да 2,5 эсеге кыскарды. Ошондуктан зыяндуу зарттар азайды десе болот. Абанын тазалыгы жаатынан алганда мегаполисте салыштырмалуу жакшы. Гидрометборборунун күнүмдүк маалыматында атмосферанын булганышы төмөндөп жатканы айтылат.

Практика көрсөткөндөй, айдоочулардын экологиялык жүрүш-турушу экономикалык пайдалуу, ошондуктан аны оңой жайылтса болот. Автоунаалардын саны күн санап өсүп жатат, ошол учурда өндүрүш да өнүгүүдө. Ушуга байланыштуу адам ыңгайлуу жайда таза аба менен дем алып, жашаш үчүн дайыма мониторинг жүргүзүп туруу маанилүү. Аны менен катар жаратылышты коргоо үчүн тиешелүү чараларды көрүү керек.
Made on
Tilda